Кыргызстанда акыркы беш жылда 141 тонна алтын өндүрүлдү

09.03.2026 | 12:01

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде алтын өндүрүүнүн көлөмү 141 тоннаны түздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2020-жылга чейин өлкөдө жылына орточо 15 тонна алтын казылып келсе, 2021–2025-жылдары бул көрсөткүч жылына орточо 26 тоннага жеткен.

Ошондой эле «Кумтөр» кенинин таза кирешеси 2024-жылы 397,7 млн долларды, ал эми 2025-жылы 706 млн долларды түзгөн. 2021-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта ишкана мамлекеттик бюджетке 100,6 млрд сом төлөгөн. Кендин борбордук тилкесинде 147 тонна, калдык сактоочу жайында 121 тонна алтындын кору бар. Ал эми күмүштүн кору 225 тоннаны түзөт.

Мындан тышкары Раимкулова 2025-жылдын башына карата Кыргызстандын аймагында миң тоннага жакын алтын, 1196 тонна күмүш, 960 миң тонна жез жана 1 млрд тоннадан ашык көмүр кору бар экенин билдирди.

Анын айтымында, акыркы беш жылда кен байлыктарды иштетүүдөн бюджетке жалпы 217,9 млрд сом салык жана башка төлөмдөр түшкөн. 2024-жылы бул көрсөткүч 42,2 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 65,4 млрд сомго жетип, рекорддук көрсөткүч катары катталган.

Scroll to Top