Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Кыргызстанда “Алатау” транспорттук-логистикалык комплексин куруу сунушталды
23.05.2025 | 10:59
Кечээ, 22-майда Бишкек шаарында кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.
Жолугушууда Казакстан тарап “Алатау” эл аралык транспорттук-логистикалык комплексин (ITLC) Кыргызстанда курууну сунуштаган.
Маалыматта айтылгандай, бул долбоордун максаты – эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар товарларды кайра иштетүү, сактоо жана жайылтуу боюнча кубаттуу борбор түзүү.
Аталган комплекс төмөнкүлөрдү бириктирет:
- Товарларды сактоо, сактоо, сорттоо жана таңгактоо;
- Жаны продукцияларды чыгаруу жана сатуу;
- Юридикалык жана финансылык кеңеш;
- Соода аянтын ижарага алуу жана логистикалык кызматтар;
- Экспорттук-импорттук жол-жоболоштуруу кызматтары.
Мындан тышкары жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктун модернизациялоо жана туризм менен сооданын жаңы кыймылдаткычы боло турган Алматы-Ысык-Көл автожолунун долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика