Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Кыргызстанда ашыкча салмактуу аялдардын саны айтылды
05.11.2022 | 09:14
Кыргызстанда 15-49 курактагы аялдардын 44 пайызында ашыкча салмак бар. Бул тууралуу «Аял жана балдардын тамактануусунун абалы» боюнча иликтөөнүн жыйынтыгында маалымдалат.
Нарын жана Ош облустарында 1,5-5 жаштагы балдардын арасында семирүү кеңири жайылууда. Улуттук көрсөткүч 7,3 пайызды түзөт.
Андан тышкары, Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын 49 пайызы аз кандуулук менен ооруйт.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы 5 жашка чейинки балдардын 30 пайызында аз кандуулук кездешери айтылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар