Кыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгышты
Кийинки жылы он бештей медициналык окуу жай ачылат
05.11.2022 | 00:11
Келерки, 2023-жылы 15тен кем эмес медициналык мекемелерди куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Улан Садыков парламенттин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, министрлик курулушу зарыл болгон 222 мекеменин тизмесин түзгөн.
“Жакынкы арада биз тизмени тактайбыз, ал кийинки жылга кетет. Жок дегенде 15 мекемеге салым кошо алабыз деп ойлойм”, – деди Садыков.
Буга кошумча, ал салына турган мекемелер ооруканалар, ФАПтар жана балким үй-бүлөлүк медициналык борборлор болорун айтты. Медициналык мекемелер өлкөнүн бардык аймактарына курулат, өзгөчө чек ара аймактарына куруу артыкчылыктуу болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом