Азия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойтБорбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштууКыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталууда
Кыргызстандык жаран жоголгон MacBook үчүн кенемте төлөттү
05.11.2022 | 10:26
АКШдан Кыргызстанга товарларды ташыган ишкана кампада жок болгон товардын акысын төлөп берди. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандык жаран MacBook Air үлгүсүндөгү ноутбукту АКШдан буйрутма кылган. Келишим боюнча компания буйрутманы 10 күндүн ичинде жеткирип бериши керек болгон. Бирок компания үч айдан ашык убакыттан кийин кампадагы товар жоголгонун билдирген.
Натыйжада керектөөчү арыз жазып, жолугушуудан кийин компания 1249 доллар (104 578 сом) төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар