7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Кыргызстанда беш жылда расмий никесиз төрөлгөн балдардын саны 3,2 эсе кыскарды
14.01.2025 | 12:49
Кыргызстанда 2019-жылдан 2023-жылга чейин расмий никесиз төрөлгөн балдардын саны 3,2 эсе кыскарды. Бул тууралуу Статистика комитетинин баяндамасында айтылат.
Кыргызстанда 2019-жылы жалпы 173,4 миң бала жарык дүйнөгө келген. Алардын ичинен 37,7 миң ымыркай же 21%ы расмий никесиз төрөлгөн.
2020-жылы төрөлгөн 158,1 миң ымыркайдын 30 миңинин же 19%ынын ата-энесинин расмий никеси болгон эмес.
2021-жылы 27,7 миң бала (жалпы 150,1 миң ымыркай төрөлгөн), 2022-жылы 34,9 миң бала (жалпы 150,2 миң ымыркай төрөлгөн) расмий никесиз жарык дүйнөгө келген.
Ал эми 2023-жылы өлкөдө 145,9 миң бала жарык дүйнөгө келип, анын ичинен 11,7 миң бала же 8,1% расмий никесиз төрөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом