Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Кыргызстанда бир айда дизель майы 2,26 сомго кымбаттады
02.02.2022 | 09:42
Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 2 сом 26 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Өлкөдө 1-январда дизель майы 57,9 сом болсо, 1-февралда 60,16 сом болду.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,33 сомго – 59,21 сомдон 60,54 сомго кымбаттады.
АИ-95тин баасы 0,53 сомго – 64,73 сомдон 65,26 сомго кымбаттады.
Буга чейин Улуттук банк күйүүчү майдын кымбатташы 2022-жылдагы инфляцияга кошумча салым кошуп жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика