Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкекте 5-кабаттан 19 жаштагы кыз кулап түштү
02.02.2022 | 09:10
Бишкек шаарында 19 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2-февраль күнү саат 00:30дар чамасында Бишкектин Исакеев көчөсүндө болгон. Анда көп кабаттуу үйүнүн 5-кабатындагы батиринин балконунан 19 жаштагы Б.С. аттуу кыз 1 кабаттагы чатырга кулап түшкөн.
Ага министрликтин 4 куткаруучусу барып, кызды чатырдан түшүрүп, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Абалы канааттандыраарлык.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар