Кыргызстанда бир жумада 22 миң 534 жол эреже бузуу аныкталды

29.04.2024 | 11:45

Кыргызстанда 22нен 28-апрелге чейин 22 миң 534 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле жол эреже бузуу фактылары боюнча 1 миң 842 унаа айып короого токтотулган.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 347;
  • Мас абалында унаа айдагандар – 269;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 77;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 890;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 221;
  • Автоээнбаштык – 4;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 миң 507;
  • Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 7;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 370
Scroll to Top