Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Кыргызстанда бир жумада 22 миң 534 жол эреже бузуу аныкталды
29.04.2024 | 11:45
Кыргызстанда 22нен 28-апрелге чейин 22 миң 534 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ошондой эле жол эреже бузуу фактылары боюнча 1 миң 842 унаа айып короого токтотулган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 347;
- Мас абалында унаа айдагандар – 269;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 77;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 890;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 221;
- Автоээнбаштык – 4;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 миң 507;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 370