Кыргызстанда бир жумада 287 мас айдоочу кармалды

18.11.2024 | 14:46

Кыргызстанда бир жумада 287 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11нен 17-ноябрга чейин өлкөдө 19 миң 508 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 678 унаа айып короого коюлган.

Бир жумада катталган жол эреже бузуулар:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 миң 180;
  • Мас абалында унаа айдагандар – 287;
  • Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 279;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 490;
  • Автоээнбаштык – 6;
  • Ылдымдыкты ашырып айдоо – 3 миң 243;
  • Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 859.
Scroll to Top