Кыргызстанда бир жумда 283 мас айдоочуга айып салынды
Кыргызстандын аймагында 17-июлдан тартып, 23-июлга чейин 22 215 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жол эрежесин бузгандардын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 298;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 283;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 269;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 374;
– авто ээнбаштык – 3;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 599;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 325;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 696 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз