Садыр Жапаров иниси эмне себептен камакта калтырылганын айтты

Садыр Жапаров иниси эмне себептен камакта калтырылганын айтты

Президент Садыр Жапаров корррупция иши боюнча шектүү катары кармалган иниси Улан Жапаровдун камакта калтырылышы боюнча комментарий берди.

Белгилүү болгондой, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал мындан мурдараак бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен 26-июлга чейин камакка алынган. 20-июлда Бишкек шаардык сотунда анын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралып, ал камакта калтырылган.

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде иниси Улан Жапаровдун камакта калтырылышы боюнча оюн айткан.

«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы, мейли ким болбо, камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең, эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.

«Менин иним эле» деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «бирге жаза, миңге сабак»,- деген. Мына менин комментарийим», — деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, жакынкы күндөрү Улан Жапаровдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>