Садыр Жапаров экс-министрдин уулунун «уурдалышы» боюнча үн катты

Садыр Жапаров экс-министрдин уулунун «уурдалышы» боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, анын уулу жана эжеси фигурант болгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Жапаров «Кабар» агентигине маек куруп, журналист «мурдагы министр Динара Кутманова тушунда кызматта тургандардын бир катарына, анын жакындарына кылмыш иши козголду, кармалды. Динара Кутманова убагында сизди «Кумтөр» маселесинде катуу колдоп, кийин сиз бийликке келгенде жалгыз айым министр болуп иштеп, ишмердүүлүгүнө карата ар кандай пикирлер айтылып келди. Ага кылмыш иши козголду. «Баламды бандиттер уурдап кетишти, акча талап кылып атышат» деп да чыкты. Ушул боюнча сиздин пикир кандай?» деген суроо салган.

«Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам «спектакль уюштуруп атышыптыр» дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. «Кумтөр» маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур»,- деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот», — дейт Жапаров.

Эскерте кетсек, буга чейин «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын эжеси кармалганы, уулу издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, ал Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

УКМК экс-министр Динара Кутманованын жакындарын кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>