Кыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат

Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына кабыл алуу тартибин бекитти. Ага ылайык, каттоо 1-апрелде башталып, «Электрондук жазуу» санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Биринчи класска кабыл алуу эки этап менен ишке ашат:
- I этап: 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталат. Бул баскычта баланын ата-энесинин бири мектеп бекитилген аймакта (микроучастокто) туруктуу каттоодо болушу шарт.
- II этап: 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат. Мектепте бош орундар калган учурда, балдар жашаган дарегине карабастан каттоого алынат.
Каттоо 1mektep.edu.gov.kg платформасындагы жеке кабинет аркылуу жүргүзүлөт.
Жаш курагы жана талаптар:
Мектепке 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат. Сегиз жаштан ашкан же өздүгүн тастыктоочу документтери жок балдарды мектепке жайгаштыруу маселеси Балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде чечилет.
Жобого ылайык, баланы биринчи класска кабыл алууда мектептерге кандайдыр бир сынак, тест, конкурс же маектешүү өткөрүүгө тыюу салынат. Бул эреже бардык региондордогу жалпы билим берүү мекемелерине тиешелүү.