8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды
Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдү
12.10.2025 | 12:30

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө дагы бир ийгиликтүү бөйрөктү көчүрүү операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бөйрөк алмаштырган 33 жаштагы бейтап 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Ага 44 жаштагы агасы донор болуп берген. Операция ийгиликтүү өтүп, учурда бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми көчүрүлгөн бөйрөктүн функциясы калыбына келген.
Министрлик жалпысынан 2018-жылдан бери аталган борбордо 76 бөйрөк трансплантациясы жүргүзүлгөнүн билдирди. Алардын ичинен 2024-жылдан тарта 35 операция бюджеттик негизде акысыз жасалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар