Кыргызстанда эл аралык жана ички каттамдар жумасына канча ирет аткарылат? (тизме)

15.12.2020 | 09:07

Бүгүнкү күндө Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Орусияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу эл аралык “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Түркия:

Бишкек – ​​Стамбул – Бишкек, жумасына бир жолу, “AviaTrafficCompany”;

Стамбул – Бишкек – ​​Стамбул, жумасына 5 жолу, Түрк аба жолдору;

Стамбул – Бишкек – ​​Стамбул, жумасына 7 жолу, Pegasus Airlines;

Анталия – Бишкек – ​​Анталия, жумасына бир жолу, Pegasus Airlines.

Орусия:

Москва – Бишкек – ​​Москва, жумасына бир жолу, Аэрофлот;

Бишкек – ​​Москва – Бишкек, жумасына бир жолу, AviaTrafficCompany.

Казакстан:

Алматы – Бишкек – ​​Алматы, жумасына 2 жолу, Эйр Астана.

БАЭ:

Дубай – Бишкек – ​​Дубай, жумасына 3 жолу, Fly Dubai.

Өзбекстан:

Ташкент – Бишкек – ​​Ташкент, жумасына бир жолу, “Узбекистон Хаво Юллары”.

Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдары AviaTrafficCompany жана Tez Jet тарабынан жүргүзүлөт:

Бишкек – ​​Ош – Бишкек, “Tez Jet” күнүнө 3 маал (жумасына 21 рейс).

Бишкек – ​​Ош – Бишкек, AviaTrafficCompany күнүнө бир жолу (жумасына 7 рейс).

Жалал-Абад – Бишкек – ​​Жалал-Абад, жумасына бир жолу “Tez Jet”.

Бишкек – ​​Баткен – Бишкек, жумасына бир жолу “Tez Jet”.

Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттарга учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.

Scroll to Top