Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Кыргызстанда Гонконг сасык тумоосу катталды. Анын белгилери
05.12.2023 | 09:04
Ош шаарында бейтаптан “Гонконг” (A H3N2) сасык тумоосу аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Бишкек шаарында азырынча бокавирус, РС вирусу, сезондук коронавирус, аденовирус жана метапневмовирус катталууда. 27-ноябрдан 3-декабрга чейин өлкөдө 5 миң 737 киши сасык тумоого чалдыкты.
Белгилей кетсек, AH3N2 вирусу Гонконг шаарында 1968 жылы катталган. Ал XX кылымдын 3-пандемиясы катары белгилүү.
Дарыгерлер анын тез жугуп, башка вирус менен бирге дагы жашай берерин белгилейт. Ал 65 жаштан ашкан адамдар жана 2 жашка чейинки балдар үчүн кооптуу.
Анын белгилери:
- Кургак жөтөл;
- дене табы көтөрүлөт;
- баш оору, алсыздык;
- мурун бүтөт;
- тамак кызарып, ачышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом