Орусия Кыргызстанга жардам катары 803 тонна азык-түлүк жөнөттү

Орусия Кыргызстанга жардам катары 803 тонна азык-түлүк жөнөттү

Кыргызстанга Орусия Федерациясынан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча коом менен байланыш адиси билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы 803.22  тонна азык-түлүк (742.5 тонна байытылган ун жана 60.72 тонна өсүмдүк майы) Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилет.

Азык-түлүк болжолу менен 18 300 кишиге азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн өлкөнүн түштүк аймактарында БУУ ДАТП тарабынан колдоого алынган долбоорлор аркылуу берилет.

Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана таза суу тутумдарын калыбына келтирүүнү; табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу үчүн бак отургузууну жана дарыянын жээгин бекемдөөнү; айылдык көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууну; жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо боюнча окутууларды камтыйт.

Максаттуу аялуу үй-бүлөлөр 300 кг байытылган буудай ун жана 30 литр өсүмдүк майын жергиликтүү инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу кырсыктардын тобокелдигине калктын туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук долбоорлорго катышкандыгы үчүн алышат.

Ал эми жумушка орношуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуулардын катышуучулары 150 кг ун жана 15 литр май алышат.

Бул долбоорлор элет жериндеги жамааттардын инфратүзүмдөрүн өркүндөтүп, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге дуушар болгон аймактардагы кырсыктардын кесепеттерин азайтуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп, ошондой эле алардын жумушка орношуу жана жеке ишкердүүлүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>