Кыргызстанда имамдарга стипендия бериле баштады

Кыргызстанда имамдарга стипендия бериле баштады

Ушул жылдын апрель айынан тарта Кыргызстанда мечит имамдарына расмий түрдө стипендия бериле баштады. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Стипендия дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында берилет. Бул чечим өлкөнүн бардык аймактарындагы расмий каттоодон өткөн мечиттерде кызмат өтөгөн имамдарга тиешелүү экендиги айтылды.

Муфтияттын маалыматында, бул имамдардын кайрымдуулук же башкалардын колдоосуна таянуу көз карандылыгын азайтууга шарт түзөт.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы бул иш-аракетти коомдук-руханий стабилдүүлүктү бекемдөө, билимдүү жана жогорку даражада даярдалган дин кызматкерлеринин ролун арттыруу, эл арасындагы диний сабаттуулукту көтөрүү максатында ишке ашырууда. Бул кадам радикалдуу идеологиялардын алдын алып, Кыргызстандын өзүнө таандык, мурасчыл, салттуу ислам баалуулуктарын коргоо жана өнүктүрүү жолунда чоң салым болот», -деп билдирди муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>