Кыргызстанда кино павильон курулат

Кыргызстанда кино павильон курулат

Кыргызстанда кино павильон курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйында билдирди. 

Эдил Байсалов ата мекендик кинематографияны колдоо жана кино тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи. 

“Биздин кино “кыргыз кереметинин” улуу салттарын улантып, өлкөбүздүн алтын мурасы болушу керек. Жаңы доордо кыргыз киносу элди тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди чыңдоодо чоң роль ойнойт. Мамлекеттик маанидеги орчундуу маселе – эне тилдеги контентти көбөйтүү зарыл. Айрыкча өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымын калыптандырууда негизги ролду ойногон көркөм тасмалар, мультфильмдер”, — деди Эдил Байсалов. 

Жыйындын соңунда ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча тийиштүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кино

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>