Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Кыргызстанда көмүр кендерин казууга 261 лицензия берилген
06.06.2023 | 18:00
Кыргызстанда көмүр кендерин казып алууга 261 лицензия берилген. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көмүр кендерин геологиялык издөөгө, геологиялык чалгындоого жана казып алууга жалпысынан 411 лицензия берилген, анын ичинде геологиялык издөөгө 5 лицензия, геологиялык чалгындоого 145 лицензия, казып алууга 261 лицензия.
“Көмүр казып алууга берилген 261 лицензиянын ичинен 142 лицензия алган ишканалар жумуштарды долбоорлоо алкагында болсо, калган 119 лиценция алган ишканалар тарабынан 2022-жылда 3 миллион 644 миң 997 тонна көмүр казып алышкан”, – деди Таалайбек Ибраев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом