Айыпталуучунун качып кетишине көмөктөшкөн милиционерлер кармалды

Айыпталуучунун качып кетишине көмөктөшкөн милиционерлер кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата районунун УКЖнан айыпталуучунун качуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-июнунда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери Ж.Т.К. жана милиционери Д.Б.К. кызмат абалдарынан пайдаланышып, райондук соттук кароосундагы адамды уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталган айыпталуучу “С.К.Т.”ны белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган райондун ИИБнүн убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери “Ж.Т.К.” жана милиционери “Д.Б.К.” шектүү катары кармалып, камакка алынган.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары улантылып, анын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>