Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы учур, өлүм качан катталган? Статистика

Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы учур, өлүм качан катталган? Статистика

Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру 18-мартта 3 адамдан аныкталып, бүгүн, 3-июнда илдетти жуктургандардын саны 1871 учурга чейин көбөйдү. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

Ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр:
28-май – 74 учур
18-май – 78 учур

Учурлар эӊ көп Бишкек шаарында – 582 (анын ичинде Орусиядан келген аскерлердин арасынан – 98), ал эми эӊ азы Ысык-Көл облусунда – 14 учур катталган.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 айыккан бейтап чыгарылган. Бүгүнкү күндө адистештирилген медициналык мекемелерден 1265 адам чыгарылды. Ал эми 2-апрелде алгачкы өлүм катталган, учурда – 20.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>