Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыргызстанда коронавирус менен ооруп жаткан 33 адамдын абалы өтө оор
02.01.2022 | 12:03
Кыргызстанда 593 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
326 адам амбулатордук (үй шартында), стационарда 267 адам дарыланууда. Алардын ичинен 33 адам өтө оор, 88 адам оор абалда. 146 бейтаптын абалы (же 54,6 пайыз) орточо оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде республика боюнча 32 адам, анын ичинен Бишкекте 19, Чүй облусунда 8, Ошто 3, Жалал-Абадда 1, Баткенде 1 адам айыгып чыкты.
2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 179 миң 903 адам айыгып чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом