«Ошол эле жерден куткарууга туура келет»: ветеринар көк бөрүдөгү аттардын жаракаттары тууралууЕвропага жумушка орноштурам деп алдаган. Баткенде 43 жаштагы шектүү кармалдыЭки айлык тандоо: Кыргызстандын аттары Көчмөндөр оюндарына кантип даярдалдыКырчында 77 жаштагы карыянын жүрөгү кармап, Балыкчыга тик учак менен жеткирилдиШКУ саммитинин чечимдери Кыргызстанга жакынкы 2-3 жылда эмне берет — эксперттин көз карашыКырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтүүдө
Кыргызстанда коронавирус менен ооруп жаткан 33 адамдын абалы өтө оор
02.01.2022 | 12:03
Кыргызстанда 593 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
326 адам амбулатордук (үй шартында), стационарда 267 адам дарыланууда. Алардын ичинен 33 адам өтө оор, 88 адам оор абалда. 146 бейтаптын абалы (же 54,6 пайыз) орточо оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде республика боюнча 32 адам, анын ичинен Бишкекте 19, Чүй облусунда 8, Ошто 3, Жалал-Абадда 1, Баткенде 1 адам айыгып чыкты.
2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 179 миң 903 адам айыгып чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом