Кырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтүүдөБишкекте Ленинград блокадасынын башталганынын 85 жылдыгына арналган эскерүү акциясы өтөт«Бир түндүк алдында»: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 28 өлкөнүн окумуштууларынын конференциясы ачылдыКазакстан менен беттеш жана Бойка аттуу тулпарды сагынуу: Манас Ниязов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сырларын ачтыБишкекте Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу башталдыМилиция кызматкери Көчмөндөр оюндарында алтын медаль жеңди
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыктан 10 адам жабыркап, бирөө каза болду
02.01.2022 | 09:26
Ош облусунун Кара-Суу районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 645-чакырымында Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен Subaru Outback кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, куткаруучулар жабыркагандарды жана спринтердин айдоочусун унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканасына 10 адам жаткырылып, 20 жаштагы жигит каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом