Түштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилетСербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгатКытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылдыБет кап, витрина жана 7 мүнөт: Луврдагы тоноо видеого түшүп калганЭкологиялык рейд учурунда жайыттарды бузган эки адамга айып белгилендиУбактылуу тынчтык бүттү. ЦАХАЛ Газа секторуна сокку урду
Кыргызстанда «Кылым банк» мамлекеттик банкы түзүлдү
04.01.2025 | 15:32
Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Кылым Банк» ачык акционердик коомун («Кылым Банк» ААК) түзүү жөнүндө токтом кабыл алды
Өкмөттүн маалыматына ылайык, банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган жана банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
Каржы министрлигине зарыл болгон процедураларды, анын ичинде лицензиялоону жана каттоону камсыз кылуу милдети жүктөлдү.
Ал эми, президенттин Иш башкармалыгына “Кылым Банк” ААКны техникалык камсыздоо, байланыш кызматтарын көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай табуу тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар