Быйыл тогуз айда таш көмүрдү өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайса,тескерисинче, күрөң көмүрдү казуу өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, өткөн жылы 429,8 миң тонна көмүр казылса, быйылкы жылы өндүрүш 397,9 миң тоннага, же 7,4%га кыскарган.
Муну менен, күрөң көмүр өндүрүү 50,4%га өскөн. Былтыр январь-сентябрь айларында 1243,1 тонна казылса, быйыл ал 1869,4 тоннага жеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз