Филиппин: Нальжи бороонунан каза болгондордун саны 98ге жетти

Филиппин: Нальжи бороонунан каза болгондордун саны 98ге жетти

Филиппиндеги тропикалык Нальжи бороонунан каза болгондордун саны 98ге жетти. Алардын көбү сууга чөгүп,  жер көчкүнүн курмандыгы болушкан.  Айрымдарына дарактар ​​кулап каза тапты. Андан тышкары ондогон адамдар дайынсыз жоголду.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн суудан ылайдан издөө иштерин улантышууда. Бул үчүн алар узун жыгач таяктарды колдонуп, сууга, ылайга батышууда.

 

Жабыркаган аймактардан дээрлик 350 миң жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Алар убактылуу кабыл алуу пункттарына жайгаштырылды. 500дөн ашык үй жабыркап, 150 имарат толугу менен талкаланган.

Бир катар калктуу конуштарда байланыш жана электр энергиясы менен камсыздоодо көйгөйлөр бар.

Бийликтегилердин айтымында, бороондон эки миллионго жакын адам жабыркады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Тэги: Филиппин

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>