Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Кыргызстанда маянасы 454 миң сомго чейин жеткен кесип аталды
02.11.2022 | 14:50
“HeadHunter Кыргызстан” компаниясы 2022-жылдагы эмгек акылар боюнча отчет даярдады.
Маалыматка караганда, орточо эмгек акы 120 миң сомду түзүп, ал маалымат технологиялары тармагындагы кызматкерлерине таандык деп табылган. Бул тармакта эң көп айлык акы 454 миң сомду түзгөн.
Экинчи орунда эң жогорку маяна – 340 миң сом менен консультант кесиби турат. Топ-менеджмент алдыңкы үчтүктү жаап, алар орто эсеп менен 88 миң сом маяна алышкан, ал эми эң жогорку көрсөткүч 277 миң сомду түзгөн.
Эң аз киреше үй кызматкерлеринин арасында байкалган – айына 81 миң сомдон ашкан эмес. Жумушчулардын эң төмөнкү айлык акысы 1970 сом деп эсептелген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Экономика