ИИМ журналист Семетей Талас уулунун кармалышы боюнча үн катты

ИИМ журналист Семетей Талас уулунун кармалышы боюнча үн катты

Журналист Семетей Талас уулу «Фейсбукта» экстремисттик материалдар камтылган билдирүү жасаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

«Андан кийин комплекстүү соттук-лингвистикалык жана диний экспертиза жүргүзүлгөн. Анын корутундусуна ылайык, колдонуучунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тиешелүү маалыматтар болгон», — деп билдирет министрлик.

8-октябрда аталган кылмыш иши андан кийинки иликтөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

«1-ноябрда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Семетей Талас уулу ИИМдин Тергөө кызматына алынып келди. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренесине ылайык, ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда», – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1-ноябрда журналист Семетей Талас уулу ИИМге суракка алынып келип, андан кийин 48 саатка камакка алынган.

Семетей Талас уулу быйыл 18-февралда «Фейсбукка» диний постту бөлүшкөнү үчүн УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. Ал диний макаланы «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүшкөнүн, бирок, анын Кыргызстанда тыюу салынган макала экенин билбегендигин жазган.

Соңку учурларда ал Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелер боюнча байма-бай постторду «Фейсбукка» жарыялап жаткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>