Ошто милиция кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды — видео

Ошто милиция кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды — видео

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн А.А.у. жана А.Ж. аттуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-ноябрга караган түнү, УКМК кызматкерлери ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Кара-Кулжа райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн А.А.у. жана А.Ж. аттуу кызматкерлерин 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан. Алар кылмыш ишин оң чечип берем деп 120 миң сом пара талап кылган деп шектелүүдө.

«Азыркы учурда, кармалгандар УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>