Кыргызстанда пенсия курактагы калктын саны 5 жылда 23%га көбөйдү

02.10.2023 | 10:59

Кыргызстанда пенсия курактагы жарандардын саны беш жыл ичинде 117 миң адамга же 23%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Карылардын санын өсүшү 1950-1960-жылдары төрөлгөн муундун пенсия курагына өтүшү менен шартталган.

2023-жылдын башында Кыргызстанда  627 миң же калктын жалпы санынын 9 пайызын пенсионерлер түзгөн. Өлкөдөгү эркектердин 5,7 пайызы, аялдардын 12,1 пайызы аялдар.

65 жаштан өткөн жарандардын саны – 378,1 миң, же 5,4 пайыз. Муну менен Улуттук статистика комитети Кыргызстан карылыктын босогосунда турарын белгилейт.

БУУнун божомолу боюнча Кыргызстанда 2030-жылга карата 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын саны 7 пайызга жакындайт.

БУУнун курактык классификациясына ылайык, эгерде калктын жалпы санында 65 жаш жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет, эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки интервалда болсо – калк карылыктын босогосунда турат, эгерде 7 пайыздан жогору болсо – улгайган калк деп эсептелет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top