Милиция: Унаа уурдап жүргөн адам кармалды (видео)

Милиция: Унаа уурдап жүргөн адам кармалды (видео)

Чүй облусунда унаа уурдоо менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-августта Бишкектин Ленин райондук милициясына шаар тургуну кайрылып, 29-августка караган түнү белгисиз адамдар «Нива ВАЗ 21214» унаасын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомотоунаа каражатын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы Р.Р. аттуу жаран Чүй облусунун аймагында кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына 1 айга камалган.

Тергөө амалдары учурунда шектүү мурда уурдап качкан ууналар турган жерди көрсөтүп берген. Уурдалган унаалар ээлерине кайтарылган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>