Ош: Убагында Алымбек датканын уулу камакта отурган абак шаар сыртына чыгарылат

Ош: Убагында Алымбек датканын уулу камакта отурган абак шаар сыртына чыгарылат

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарына жана Ош облусуна болгон иш сапары учурунда №5 тергөө абагына барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

№5 тергөө абагынын кызматкерлеринин айтымында, аталган абактын имараты 1890-жылдарда курулган. Учурда эскилиги жеткен. Бул жерде убагында Алымбек датканын уулу Камчыбек камакта отурган. Эскерте кетсек, Россия империясынын тушунда, 1894-жылы Алымбек датканын уулу Камчыбек «бажыда турган күзөтчулөрдү өлтүргөн» деген негизсиз күнөө менен кармалып, камакка алынган. Кийин 1895-жылы Алымбек датканын уулу Камчыбек дарга асылган.

Азыркы тапта имараттын эскилиги жеткендиктен аны шаар сыртына чыгаруу маселеси турат. Расмий органдардын маалыматы боюнча, бул тергөө абагы шаардын четине көчүрүлө турган объекттердин тизмесине кирген. Учурда жаңы тергөө абагы курула турган жерди тандоо маселеси каралып жатат.

Жаманбаева да тергөө абагы тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен, министрлер кабинетин абакты шаардын чет жагына көчүрүү маселесин чечүүнү ылдамдатууга чакырган.

«№5 абакта кармалгандардын кармоо шарттары тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Бул адам укуктарын бузуу болуп саналат. Мен №5 тергөө абагынын шаардын четине салына турган жаңы имаратынын курулушу боюнча ишти тездетүүнү сунуштайм», — деди акыйкатчы.

Бүгүнкү күнү №5 тергөө абагында 367 адам кармалып отурат. Ал жалпы 500 адамды кармоого эсептелген. Камераларды кыдыруу учурунда 4 адамга эсептелген камерада 8 киши камалып жатканы белгилүү болгон.

Акыйкатчыга мекеменин бардык блоктору көрсөтүлгөн. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган блокто учурда эч ким жок: кармалып тургандар бир аз мурдараак абакка которулган.

«Акыйкатчы 5-тергөө абагынын жетекчилиги менен биргеликте камераларга кирип жана кармалып жаткандар менен алардын укуктары тууралуу сүйлөштү. Жалпысынан абакта кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Бирок сотто алардын укуктарын коргоону өтүнүштү», — деп айтылат маалыматта.

Андан кийин акыйкатчы Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына барып, кармалып тургандардын абалы менен таанышкан. Убактылуу кармоочу жай шаардык милициянын имаратынын эң алдыңкы кабатында жайгашкан.

«Кармалган аялдардын бири өзүн адвокатмын деп тааныштырып, укуктары бузулуп жатканына даттанды. Аны “бейбаштык” беренеси боюнча кармашкан. Акыйкатчы анын арызын угуп жана көпкө чейин пикирлешти.

Башка камераларда кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Ош шаардык ИИБдин башчысы Акыйкатчыга адам укуктарынын сакталышын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>