Мугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?Жеке автомектептердин иши токтотулуп, ишкерлер нааразы болууда. Туманбаев жооп бердиКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди он бир пайыз деңгээлинде сактадыДүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даярКыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты27-январь: Айрым аймактарга кар жаайт
Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалган жок
24.05.2024 | 09:00
Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш бойдон калат.
Ошол эле учурда ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 жылга узарганын белгиледи.
“Эгерде 2002-жылды алсак, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 2500 адам жашаса, азыр алардын саны көбөйүп, 60 миңден ашты”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом