Кыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачат

Ушул жылдын, 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен РОСКИНО тарабынан уюштурулган “Кыргызстан-2025 Россия киносунун фестивалы” өтөт.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайый, ачылыш аземине Россиянын маданият министри Ольга Любимова, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле фестивалдын бет ачар тасмасынын режиссеру Никита Высоцкий катышат.
Фестиваль 1944-жылдагы согуштук драма — “Август” (реж. Н. Высоцкий, И. Лебедев) тасмасы менен ачылат.
Программада согуштук драмалардан тартып үй-бүлөлүк жана фантастикалык тасмаларга чейинки ар түрдүү фильмдер көрсөтүлөт, алардын арасында:
- «Советтер Союзунун сүйүүсү» — жаңы муундун турмушу жана сүйүүсү тууралуу драма;
- «Тизмеде көрсөтүлгөн эмес» — Брест чебинин коргоочулары жөнүндө согуштук драма;
- «Кракен» — жоголгон суу астындагы кайык жана деңиз желмогузу тууралуу фантастика;
- «Динозаврлардын Доктуру» — мезозой дооруна түшүп калган окуучу тууралуу анимациялык комедия;
- «Олимптеги биринчи» — блокададан чыккан спортчу тууралуу шыктандыруучу драма.
Көрсөтүүлөргө кирүү акысыз. Билеттерди Tiket.kg сайтынан алса болот.
Фестиваль Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты жана достукту чыңдоону максат кылат.
Маалымат үчүн: РОСКИНО — Россиянын аудиовизуалдык индустриясын эл аралык деңгээлде таанытуучу мамлекеттик уюм болуп, 2024-жылы өзүнүн 100 жылдыгын белгилеген.