БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кыргызстанда салттуу жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өтөт
23.08.2022 | 13:32
Кыргызстанда салттуу жаа атуу боюнча “Салбуурун-2022” эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу “Салбуурун” федерациясынан билдиришти.
Мелдеш Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата 29-31-август күндөрү өткөрүлөт.
Аталган мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, России, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания, Индонезия жана башка мамлекеттерден 120дан ашык жаачы келет.
Эскерте кетсек, бул мелдеш Кыргызстанда экинчи ирет өткөрүлүп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом