Ошто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалдыБишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттү
Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны өстү
20.12.2023 | 21:04
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйдү.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 11-декабрдан 17-декабрга чейин КРВИ жана сасык тумоо менен 11 миң 575 учур катталды.
Бул өткөн аптага салыштырмалуу 43,4%га өскөн. Өткөн жылга салыштырмалуу (2022-жылдын 50-жумасы – 39 миң 568 учур) 4 эсеге азайган.
Акыркы суткада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда СOVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды.
Рубрики: Жаңылыктар