Бишкекте башаламан токтотулган унааларга рейд уланууда

Бишкекте башаламан токтотулган унааларга рейд уланууда

Бишкек шаарында унаа тыгындарын жоюу боюнча рейд уланууда, анын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтотулушу болуп саналат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага шаардык кызматтардын, борбор калаадагы МККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Мэрия белгилегендей, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, башаламан унаа токтоочу жайларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү максатында, биринчи этапта 10 даана эвакуатор сатып алуу пландаштырылууда, алар борбор калааны туура эмес токтотмолордон тазалоо боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте иш алып барат.

Алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына -1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: мэрия рейд

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>