Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу гектарынан 120 тонна помидор алынды

Чүй облусунун Жайыл району помидор түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 270 гектар аянтка «Хайнц» жана «Есесем» сортундагы помидорлор эгилип, түшүмдүүлүк гектарынан 120 тонна болгон. Бул көрсөткүч дүйнөлүк рекорд катары катталууда. Салттуу түрдө эң жогорку түшүм Түндүк Америкада жыйналып келген, гектарына 90 тоннага чейин.
Белгиленгендей, жыйналган түшүмдүн негизги бөлүгү кайра иштетүүгө жөнөтүлүп, кетчуп, соус жана башка азыктар өндүрүлөт. Калганы экспортко багытталат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ийгиликке жетишүүдө заманбап агротехнологиялар, анын ичинде автоматташтырылган тамчылатып сугаруу системасы колдонулган. Ал эми түшүм жыйноо үчүн Италиядан атайын помидор жыйноочу комбайн алынып келген.