16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болду
Өлкөдө “Тонировка” рейди башталды
20.12.2023 | 19:30
Кыргызстанда автоунаасынын терезесин сыйзамсыз караңгылатып алгандарга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдирет.
Башкармалыктын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрдан 31-декабрга чейин унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктайт.
“Тонировка” рейдинин жүрүшүндө ошондой эле тиешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар