Экс-министр Динара Кутманова 9-февралга чейин камакта калтырылды

Экс-министр Динара Кутманова 9-февралга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы камакта калтырды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, анын УКМКнын тергөө абагындагы камактагы мөөнөтү 9-февралга чейин узартылды.

Буга чейин «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, ал Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

25-июлда УКМК экс-министр Динара Кутманова кармалганын билдирген. Ал алгач 9-августка чейин, кийинчерээк 9-октябрга чейин камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>