Кыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяланды

«Бишкек+25» II Дүйнөлүк тоо саммитине даярдык көрүүнүн алкагында «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Сынактын максаты — тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле фотография жана медиаискусство аркылуу диалогду калыптандыруу жана экологиялык багытты илгерилетүү. Сынакка фотографтар, сүрөтчүлөр, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана тоо аймактарынын жашоосун, жаратылышын, экологиялык маселелерин чагылдырууга кызыкдар жарандар катыша алышат.
Сынакка арыздар 6-декабрга чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган: баш байгеге фотоаппарат, биринчи орунга ноутбук, ал эми экинчи жана үчүнчү орундарга планшет берилет.
Сынакка катышуу үчүн каттоо формасын толтуруп, сүрөттөрдү түшүндүрмөлөрү менен бирге Google Диск аркылуу [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
Долбоор президенттик администрациянын жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өнөктөштүгү менен М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейи тарабынан уюштурулууда.