Чет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалдыКыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяландыМаматалиев КМШга Айтматовдун 100 жылдыгын бирге белгилөөнү сунуштадыМанас шаарындагы өрт: эки адам каза болуп, бирөө реанимацияда жатат23-ноябрь: Бишкекте күн жылуу болуп, аба +23°ка чейин жылыйт
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалды
23.11.2026 | 10:27

Замирбек Касымбекович Надырбеков Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ӨКМде билдиришти.
Мурда бул кызматты Алмазбек Асанов ээлеп келген.
Ачык булактардын маалыматы боюнча, Надырбеков 1977-жылдын 27-майында туулган. Мурдагы кызматтарынын арасында: Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы (2015-жыл), Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын аскерлер кызматы башкармалыгынын башчысы, Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары (2021-жылдын 10-мартынан тартып). Бул дайындоого чейин, ачык булактардын маалыматы боюнча, ал Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: мчс