Чүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалышты

Чүй облусунда ишкерлерден 100 миң доллар опузалап талап кылуу фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, багбанчылык шериктештигинин төрагасы өзүнүн шериги менен бирге ишкерлерден кум-шагыл казып алуу боюнча мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп, акча талап кылышкан.
17-ноябрда шектүүлөр: 37 жаштагы Ж.У.К. жана 57 жаштагы К.Т.М. талап кылынган акчанын 30 миң долларын алып жаткан жеринен кылмыш үстүндө кармалышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда окуянын жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүрүп жатканы айтылды.