Чет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМ

23.11.2026 | 10:33
Чет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМ — Новости Кыргызстана

2023-жылдан бери чет мамлекеттерде Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган 184 жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармоо иштери чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен кызматташуунун алкагында жүргүзүлгөн.

Чет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМ — иллюстрация
Издөөдө жүргөндөр Таиландда, Вьетнамда, Испанияда, Италияда, АКШда, Түркияда, Грузияда, Францияда, Египетте, Швецияда, БАЭде, Мадагаскарда, Корея Республикасында, Грецияда, Бельгияда, Польшада, Сербияда, Босния жана Герцеговинада, Литвада, Молдовада, Болгарияда, Сирияда, Монголияда, Казакстанда, Арменияда, Азербайжанда, Россияда, Украинада жана Чехияда кармалган.

Издөөдө жүргөндөрдүн ичинен 132 адам экстрадициялоо жана депортациялоо тартибинде Кыргызстанга кайтарылды. Алар АКШдан, Испаниядан, Корея Республикасынан, БАЭден, Таиланддан, Вьетнамдан, Египеттен, Грузиядан, Польшадан, Швециядан, Мадагаскардан, Азербайжандан, Түркиядан, Монголиядан, Россиядан, Казакстандан, Армениядан, Молдовадан жана Болгариядан өткөрүлүп берилген.

За рубежом задержали 184 разыскиваемых, 132 вернули в Кыргызстан — МВД — иллюстрация
За рубежом задержали 184 разыскиваемых, 132 вернули в Кыргызстан — МВД — контекст события
За рубежом задержали 184 разыскиваемых, 132 вернули в Кыргызстан — МВД — фото 4
За рубежом задержали 184 разыскиваемых, 132 вернули в Кыргызстан — МВД — фото 5
За рубежом задержали 184 разыскиваемых, 132 вернули в Кыргызстан — МВД — фото 6
За рубежом задержали 184 разыскиваемых, 132 вернули в Кыргызстан — МВД — фото 7

Өз кезегинде Кыргызстандын аймагында башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалды.

Алардын ичинен 42 адам издөө жарыялаган өлкөлөргө, анын ичинде Түркияга, Польшага, Францияга, Вьетнамга, Пакистанга, Монголияга, Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга экстрадицияланды.

ИИМдин маалыматы боюнча, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелген адамдарды издөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Атап айтканда, Италияда эки жаран кармалды:

  • кылмыштуу топту уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга шектелип издөөдө жүргөн С. И. Ю.;
  • өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген А. Н.

Дубайда (БАЭ) киши өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү С. Н. кармалды.

Таиландда ошондой эле киши өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Н. А. С. жана Р. А. Т. кармалды. Мындан тышкары, Болгарияда салмагы 436 килограмм болгон өзгөчө ири партиядагы героиндин контрабандасын уюштурууга шектелген Түркиянын жараны Д. С. кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, баңгизат Түркиядан Кыргызстан аркылуу Греция багытында ташылган. Героин төрт жүк чиркегичинин металл конструкцияларына катылган.

Мекемеден белгилешкендей, издөөдө жүргөндөрдүн жүргөн жерин аныктоо, аларды кармоо жана Кыргызстанга кайтаруу боюнча чет өлкөлүк укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу улантылууда.

Scroll to Top