Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу процесстерине илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынган.