Баалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилери2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»
Кыргызстанда жер титиреди. Жалал-Абадда дубалдардан жарака кетти
05.08.2025 | 22:04

Бүгүн Кыргызстанда жер титирөө катталып, анын күчү айрым аймактарда 5 баллга чейин жетти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 км түндүк-батышты, Токтогулдан 63 км түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөө сезилген деңгээл:
- Майлуу-Суу – 5 балл
- Жалал-Абад – 4 балл
- Токтогул – 3,5 балл
- Бишкек – 2,5 балл
ӨКМдин маалыматы боюнча, Жалал-Абадда жана Базар-Коргондо эки үйдүн, Сузакта мектептин спорт залынын дубалдарынан жарака кеткен. Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен облустук башкармалыкта “айгай” жарыяланды, Майлуу-Сууга ыкчам топ жөнөтүлдү.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар